Кыргызстандын таэквондочулары шылуундарга алданып калып, Азия чемпионатына учпай калды
Ош мэриясы
4 август

Кыргызстандын таэквондочулары шылуундарга алданып калып, Азия чемпионатына учпай калды

Кыргызстандын таэквондо ITF боюнча улуттук курама командасы шылуундарга алданып калып, Моңголияда өтүүчү Азия чемпионатына уча албай калды. Бул тууралуу 4-августта социалдык тармактарда Кыргызстандын Таэквондо ITF федерациясынын вице-президенти Сардор Рахимшайхов билдирди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кырдаал боюнча үн катып, төмөнкүлөрдү билдирди:

"Аталган Азия чемпионатына катышууга даярданып жаткан спортчулар Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү болуп саналбайт.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекет тарабынан спорттук иш-чараларга каржылык колдоо Кыргыз Республикасынын улуттук курама командаларына көрсөтүлөт. Команданын курамы расмий тандоо жана бекитүү жол-жоболору аркылуу аныкталып, эл аралык расмий мелдештерге катышуусу белгиленген тартипте камсыздалат. Ошол себептен бул мелдешке катышуу Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын катышуусу катары каралбайт жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган эмес.

Ошондой эле маалымдай кетсек, спортсмендердин авиабилеттерин уюштуруу үчүн үчүнчү тарап компаниясы тартылган. Кийинчерээк авиабилеттер талаптагыдай сатылып алынбаганы аныкталып, спортсмендердин өз убагында учуп кетүүсүнө тоскоолдук жаралган. Учурда тиешелүү органдар жана жооптуу тараптар тарабынан бул жагдайды жөнгө салуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги спорттун бардык түрлөрүн өнүктүрүүгө жана спортсмендердин эл аралык мелдештерге катышуусуна мыйзамдардын талаптарына ылайык көмөк көрсөтүүнү улантат".