Алыскы Зардалы айылында футбол аянтчасы пайдаланууга берилди
Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагына караштуу Зардалы айылында бүгүн, 15-майда футбол аянтчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президентин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, мындан эки ай мурда президенттин фондунун эсебинен Баткен облусунда 10 кичи футбол аянтчасынын курулушу башталган.
Футбол аянтчалары жергиликтүү бийликке катталып, жалпы элге кызмат кылат.
Аянтчалар Зардалыдан сырткары төмөнкү аймактарда курулууда.
• Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын Тамаша жай, Ак-Таш, Чет-Булак жана Булак-Башы аймактык башкармалыктарында;
• Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылында;
• Алтын-Бешик айыл аймагынын Газ, Кыштут айылдарында;
• Самаркандек айыл аймагынын Жаңы-Бак айылында.
Белгилей кетсек, мындан ары да өлкө башчысынын колдоосу менен облустун ар бир айылына футбол аянтчасын куруу пландалган.
