Бишкек мэриясы
22 апрель
Бишкектик оор атлеттер Кыргызстандын биринчилигинде медалдарга ээ болушту
Ош шаарында Ушул жылдын 15-19-апрель күндөрү жаштар арасында оор атлетика боюнча Кыргызстандын биринчилиги болуп өттү.
Мелдеште Бишкек шаарын оор атлетика боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары катышып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана мыкты жыйынтыктарын көрсөтүштү.
Жалпысынан ОРАБӨМдөн 15 спортчу катышып, 11 медалга ээ болушту: 3 алтын, 2 күмүш жана 6 коло медаль.
1-орунду ээлеген жеңүүчүлөр:
•Байгачева Анисия;
•Женишбек Жамиля;
•Шокиржанов Фарух.
2-орунду ээлеген күмүш байге ээлери:
•Шакирова Анара;
•Жолдошкулов Айтегин.
3-орунду ээлеген коло байге ээлери:
•Молдодосов Арслан;
•Жакыпбеков Темирлан;
•Анарбеков Эрслан;
•Назарбаев Азамат;
•Шакенов Ильгиз;
•Мийназаров Муканбет.
