КМШ өлкөлөрүнүн оюндары 2029-жылы Арменияда өтөт
КМШ өлкөлөрүнүн оюндары 2029-жылы Арменияда өтөт. Ереван Шериктештиктин спорт борбору болот.
Мындай чечим Алматыда өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга катышкан өлкөлөрдүн Дене тарбия жана спорт боюнча кеңешинин жыйынында кабыл алынды.
Жыйынга Армениянын атынан Билим берүү, илим, маданият жана спорт министрлигинин Спорт саясаты департаментинин саясатты иштеп чыгуу жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Артур Седракян катышты.
Жыйын 27-сентябрда Алматыга «Шериктештиктин спорт борбору – 2026» статусун тастыктаган сертификатты салтанаттуу тапшыруу аземинен кийин өттү.
Жыйынга КМШнын тогуз өлкөсүнүн – Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташтыкты талкуулап, аткарылган иштердин жыйынтыктарын тааныштырышты, тажрыйба алмашып, мындан аркы биргелешкен программаларды карашты.
КМШ өлкөлөрүнүн 2029-жылдагы оюндарынын алкагында Арменияда КМШ мамлекеттеринин Дене тарбия жана спорт боюнча кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү да пландалууда.
Буга чейин, 2024-жылы, Гюмри Шериктештиктин спорт борбору деп жарыяланып, КМШ өлкөлөрүнүн Дене тарбия жана спорт боюнча кеңешинин конференциясын өткөргөн.
КМШ өлкөлөрүнүн оюндары мамлекеттер ортосундагы спорттук байланыштарды бекемдөөгө, дене тарбияны өнүктүрүүгө жана спорттун ар кандай түрлөрүн жайылтууга багытталган.
