Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынын окуу-машыгуу жыйыны уланууда
2 июнь

Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынын окуу-машыгуу жыйыны уланууда

Кант шаарынын «Спорт Сити» оюн талааларында Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынын окуу-машыгуу жыйыны уланууда. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, күн мурун жыйын алкагында курама «Ca-Invest» клубуна каршы контролдук беттеш өткөрүп, атаандашты 6-1 эсебинде жеңди.

Нурбек Жолдошовдун жетекчилиги алдындагы курама жыйында 8-18 июнь күндөрү Душанбе шаарында өтө турган CAFA U-20 Championship эл аралык мелдешине даярдык көрүүдө.

Аталган беттешке Кыргыз футбол биримдигинин, Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын жана «Алга» клубунун жетекчилери күбө болушту. КФБ башкы катчысы Медербек Сыдыков оюн алдында оюнчулар жана машыктыруучу штабдын өкүлдөрү менен жолукту.