Кыргызстанга ФИФАнын адистери келишти
ФИФАнын адистери, тактап айтканда, жогорку натыйжалуулук боюнча эксперт Мариан Пахарь жана таланттардын машыктыруучусу Роджерио Баруш Кыргызстанга расмий сапар менен келишти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Мариан Пахарь Кыргызстандагы «Таланттарды өнүктүрүү» долбоорунун алкагында ары карай ишке ашырууну жана ФИФА менен КФБ башка биргелешкен демилгелерин талкуулады.
Португалиядан келген адис Роджерио Баруш, көп жылдык тажрыйбасы бар, SL Benfica клубунун түзүмүндө иштеген, Улуттук Футбол Академиясынын шарттары менен таанышуу үчүн келип, таланттардын машыктыруучусу катары иштөө пландалган.
Сапардын алкагында КФБнын Башкы катчысы, Улуттук Футбол Академиясынын техникалык директору, КФБнын элиталык жаштар футболу боюнча менеджери жана УФАнын спорт бөлүмүнүн машыктыруучулары жана административдик штабдары менен жолугушуулар өттү. Ошондой эле, ФИФАнын адистери Улуттук Футбол Академиясынын командаларынын машыгууларын жана оюндарын көрүштү.
Мындан тышкары, Кыргызстандагы футбол клубдарынын машыктыруучулары жана техникалык спорт директорлору, КФБнын ар кандай департаменттеринин жетекчилери жана башка негизги кызыктырылган тараптар менен жолугушуулар пландалууда.
Сапардын алкагында ФИФАнын адистери Сакебаев атындагы мемориалдык оюндарды көрүү үчүн Кант шаарына барууну жана андан кийин Кыргызстандын Улуттук курамасынын Катарга каршы өткөрө турган оюнун көрүүнү пландашууда.
