Кросс боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия чемпионатында экинчи орунду ээледи
21-февралда жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы кросс боюнча 18th Asian Athletics Cross Country Championships Fukuoka 2026 аталышындагы мелдеште экинчи орунду ээледи.
Мелдеш Япониянын Фукуока шаарында өттү.
Курама командада Нурсултан Кенешбеков, Жусуп Сулайман уулу жана Тилекжан Жекшеналы уулу күч сынашты. Спортстендер 10 чакырым аралыкты чуркап, күмүш медаль багындыра алышты.
Биринчи орунду Япониянын курама командасы ээлесе, үчүнчү орун Кытай Эл Республикасынын курама командасына камсыздай алды.
