Кыргызстанда өтчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна 100дөн ашуун мамлекет катышуусу мүмкүн
7 октябрь

Кыргызстанда өтчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна 100дөн ашуун мамлекет катышуусу мүмкүн

2026-жылы Кыргызстанда өтчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна 100дон ашуун өлкөнүн катышуусу күтүлүп жатат. Бул тууралуу аталган оюндун катчылыгынын өкүлү Адинай Керимова "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

Айтымында, учурда келерки жылы болчу масштабдуу иш чарага даярдыктар активдүү жүрүүдө.

"2014-жылы көчмөндөр оюну биринчи жолу Кыргызстанда өткөн. Анда 19 өлкө катышкан. Жыл сайын катышуучу мамлекеттер көбөйүп отуруп, 2024-жылы Казакстанда өткөндө 89 мамлекет катышты. А келерки жылга биз 100дон ашуун мамлекетке чакыруу жөнөттүк. 2026-жылдын май айына чейин катышууну каалаган өлкөлөр билдирүү жөнөтүшөт", – деди Керимова.

Ал белгилегендей, оюндардын катышуучулары КМШ өлкөлөрүнөн, Америка, Япония, Корея, Кытай ж.б. болот.

Ошондой эле, ал бул иш чаранын башкы максаты унутта калып бараткан улуттук оюндарды жандандыруу экенин кошумчалады.

"Ар бир өлкөнүн өзүнүн улуттук маданияты, спорту болот. Анын көбү унутта калууда. Ошолорду кайра жандандыруу, кийинки муунга тааныштыруу максатында Дүйнөлүк көчмөндөр оюну түптөлгөн", – деди Адинай Керимова.