Владимир Сало Кыргызстандын U-15 өспүрүмдөр курамасын дүйнө чемпионатына даярдайт
Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруу комитети ата мекендик адис Владимир Салону Кыргызстандын U-15 өспүрүмдөр курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматына дайындоо тууралуу чечим кабыл алды.
Жаңы башкы машыктыруучунун жетекчилиги алдында Кыргызстандын U-15 өспүрүмдөр курама командасы 2026-жылдын 22–31-октябрь күндөрү Азербайжанда өтө турган ФИФАнын U-15 дүйнө чемпионатына жана FIFA U-15 Festival 2026 турнирине даярдык көрө баштайт.
Бул мелдеш ФИФАнын Таланттарды өнүктүрүүнүн глобалдык системасынын алкагында өткөрүлүп, жаш футболчуларды эрте аныктоого, алардын дараметин өнүктүрүүгө жана заманбап атаандаштык чөйрөсүндө эл аралык оюн тажрыйбасын топтоосуна багытталган.
Мелдешке ФИФАга мүчө улуттук ассоциациялардын өспүрүмдөр курама командалары катышат. Турнир ушул курактагы оюнчулар үчүн атайын иштелип чыккан 8×8 форматында өткөрүлөт. Бул формат оюнчулардын топ менен көбүрөөк иштөөсүнө, техникалык чеберчилигин өркүндөтүүгө, оюндагы чечим кабыл алуу жөндөмүн өнүктүрүүгө жана келечектеги эл аралык мелдештерге, анын ичинде ФИФАнын U-17 дүйнө чемпионатына сапаттуу даярдануусуна мүмкүнчүлүк түзөт.
Владимир Сало профессионалдык футбол клубдарында жана Кыргыз Республикасынын жаштар курама командаларында башкы машыктыруучу жана башкы машыктыруучунун жардамчысы катары көп жылдык тажрыйбага ээ.
Адис АФК «A» машыктыруучулук лицензиясына, ошондой эл АФК «B» жана АФК «C» лицензияларына ээ. Бул лицензиялар өспүрүмдөрдүн улуттук курама командалары менен иштөө боюнча эл аралык талаптарга жооп берет.
Владимир Геннадьевич кыргыз футболунун тарбиялануучусу болуп саналат жана профессионалдык деңгээлде бай оюнчулук тажрыйбага ээ. Ал 1994–2004-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын намысын коргоп, көптөгөн эл аралык беттештерге катышкан жана өз муунунун алдыңкы футболчуларынын бири болгон.
Оюнчулук карьерасын аяктагандан кийин Владимир Сало машыктыруучулук ишмердүүлүккө толугу менен өткөн. Ал ар кыл курактагы курама командалар жана профессионалдык клубдар менен иштеп, кыргыз футболунун өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон. Анын акыркы иш орду башкы машыктыруучу катары «Дордой» футбол клубу болду.
