Кыргызстандын таэквондо GTF боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынан кайтып келди
30 июль

Кыргызстандын таэквондо GTF боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынан кайтып келди

Кыргызстандын таэквондо GTF боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү 29-июлда Бириккен Араб Эмираттарында өткөн дүйнө чемпионатынан Кыргызстанга кайтып келди.

Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Эмиль Заярко, ошондой эле спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алды.

Таэквондо GTF боюнча дүйнө чемпионаты 24-26-июль күндөрү Бириккен Араб Эмираттарынын Аль-Айн шаарында өттү.

Эл аралык турнирге Кыргызстандан жалпы 90 спортчу катышты.

24-25-июль күндөрү дүйнө чемпионаты жана дүйнө биринчилиги өтүп, ага 45 спортчу катышты. Катышуучулардын жаш курагы төмөндөгүдөй болду: 10–11 жаш, 12–14 жаш, 15–17 жаш жана 18 жаштан жогору.

Ал эми 26-июлда дүйнө чемпионатынын алкагында түстүү курлардын фестивалы өтүп, ага дагы 45 спортчу катышты. Фестивалга катышкан спортчулардын жаш курагы: 6–7 жаш, 8–9 жаш, 10–11 жаш, 12–14 жаш, 15–17 жаш жана 18 жаштан жогору.

Кыргызстандык спортчулар турнирдин жыйынтыгында мыкты жыйынтыктарга жетишти:

Дүйнө чемпионаты жана дүйнө биринчилиги боюнча:

7 алтын, 12 күмүш, 41 коло медаль.

Жалпы медалдардын саны – 60.

Түстүү курлардын фестивалы боюнча:

42 алтын, 21 күмүш, 15 коло.

Жалпы медалдардын саны – 78.