Бишкектин четиндеги жаңы стадиондун сыйымдуулугу 51 миңге жетет
Бишкектин четиндеги жаңы стадиондун сыйымдуулугу 51 миңге жетет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Белгилей кетсек, шаардын четинде курулуп жаткан жаңы стадиондун сыйымдуулугу буга чейин 45 миң көрүүчүүгө каралган болчу.
Бирок, Азия футбол конфедерациясынын шарттарына ылайык, Азия Кубогунун ачылыш аземи менен старттык беттешти жана финалдык оюнду кабыл алуу үчүн стадион кеминде 50 миң кишилик сыйымдуулукка ээ болушу керек. Андыктан, аталган стадиондо жакынкы келечекте Азия биринчилигин оюндарын кабыл алуу үчүн курулуш долбооруна тиешелүү толуктоолор киргизилип, жаңы стадион эми 51 миң көрүчүүгө ылайыкталат.
Курулуш иши долбоор алкагында жүргүзүлүп, бул толуктоолорду ишке ашыруу кыйынчылыкты жаратпайт.
Белгилесек, жаңы стадиондун курулушу 2026-жылдын күз айында аяктайт.
