Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы эл аралык турнирге катышат
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев 15-декабрда Мальдив аралдарында өтүүчү волейбол боюнча эл аралык турнирге катыша турган Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Казыбек Молдажиев спортчуларга мелдеште Кыргызстанды татыктуу көрсөтүп, өлкө намысын бийик деңгээлде коргоого чакырып, ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, Борбор Азия Волейбол Ассоциациясынын (CAVA) Кубогу 19-декабрдан 25-декабрга чейин Мальдив Республикасынын борбору Мале шаарында өтөт. Турнирге Кыргызстандын атынан 14 оюнчу, 3 машыктыруучу жана бир калыс катышат.
Аталган мелдешке беш өлкөнүн улуттук курама командасы катышат. Алар Афганистан, Бангладеш, Кыргызстан, Мальдив Республикасы жана Түркмөнстан.
