Самбо боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстан 5 медаль утту
13 октябрь

Самбо боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстан 5 медаль утту

Самбо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын биринчи күнү жыйынтыкталды

11-октябрда Кипрдин Ларнака шаарында өтүп жаткан Самбо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатынын биринчи күнү жыйынтыкталды. Кыргызстандык курама командасы жалпысынан 5 медаль (1 күмүш , 4 коло) жеңишти.

Өспүрүмдөр арасында Шахнази Айбекова 41 кг чейинки салмакта күмүш медаль тагынды. Ал эми Даниел Шаршенов (58 кг), Нурадил Иманалиев (71 кг), Ахмед Алиев (жаштар арасында күжүрмөн самбо, 58 кг) жана Айтеңир Алтынбек уулу (жаштар арасында күжүрмөн самбо, 79 кг) 3-орунду ээлешти.

Эске салсак, 11-октябрь күнү башталган Дүйнө чемпионаты 13-октябрда жыйынтыкталат. Курама команда мелдешке башкы машыктыруучу Азамат Казакбаевдин жана машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулунун жетекчилиги алдында катышууда.