Бишкекте волейбол боюнча мелдеш өттү
10 декабрь

Бишкекте волейбол боюнча мелдеш өттү

Бишкектин Свердлов районунда кыздар арасында волейбол боюнча мектеп лигасынын райондук этабы өттү, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, ага 23 мектептин командалары катышып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын, спорттук духун жана жеңишке умтулуусун көрсөтүштү.

Мелдештин жыйынтыгы:
* 1-орун- № 105 мектеп;
* 2-орун-№ 94 мектеп;
* 3-орун-№ 67 жана № 111 мектептери.

Мелдештер жаштар арасында массалык спортту өнүктүрүүдө маанилүү этап болуп, райондун күчтүү командаларын аныктоого мүмкүндүк берди.

Белгилей кетсек, бул ийгиликтер мектеп окуучулары арасында волейболго болгон кызыгуунун өсүп жаткандыгын жана машыктыруучулук иштин жогорку деңгээлде экендигин айгинелейт.