Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
23 июль
Жайкы биатлон боюнча Азия чемпионатында Артур Сапарбеков коло медаль жеңди
Казакстандын Щучинск шаарында өтүп жаткан жайкы биатлон боюнча Азия чемпионатында Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү Артур Сапарбеков коло медаль жеңди.
Артур Сапарбеков 7,5 чакырым аралыктагы спринт жарышында марага үчүнчү болуп келип, чемпионаттын коло байгесине ээ болду.
Мелдештин жүрүшүндө спортсмен ок атуу тилкесинде эки ката кетирди: бирөө жатып атуу, экинчиси туруп атуу этабында катталды.
Буга карабастан, ал жогорку ылдамдык көрсөтүп, байгелүү орунга ээ болду.
Жайкы биатлон боюнча Азия чемпионаты 23-июлда жыйынтыкталат.
