Бишкекте Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи аренасы ачылды
Борбор калаада бүгүн, 10-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жаңыланган кичи аренасынын ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чара «Кыялымдагы Кыргызстан» улуттук жаштар форуму менен улантылып, аземге президент Садыр Жапаров катышты.
Жаңыланган объекттин жалпы аянты 15 миң чарчы метрди түзөт. Аренаны реконструкциялоого 1,3 миллиард сом жумшалган.
Садыр Жапаров форумдун катышуучуларын Жаштар күнү менен куттуктап, жаңыланган арена маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө, эң оболу Кыргызстандын жаштары үчүн кызмат кыларын белгиледи.
Белгилесек, бул арена көп тармактуу спорттук комплекс болуп саналат. Ошондой эле, мамлекет башчысы аренага жаңы «Жаштык-Арена» аталышын берди.
