ИИМ: Самбо күрөшү боюнча биринчилиги өткөрүлдү
Үстүбүздөгү жылдын 13-14-февраль күндөрү самбо күрөшү боюнча биринчилиги ИИМдин Ж. Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун спорттук залында болуп өттү.
Биринчиликке жалпысынан ИИМдин 9 курама командасы ат салышып, алардын ичинен 64-98 жогорку салмакта күч сынашты.
Оюндун жыйынтыгында 1-орунду ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын, 2-орунду Мамлекеттик коргону уюштуруу башкармалыгынын жана 3-орунду Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын командалары ээлеп, кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
