Таш-Көмүр шаарындагы “Шахтер” стадионун реконструкциялоо иштери аяктап калды
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев 3-декабрда Таш-Көмүр шаарындагы борбордук “Шахтер” стадионуна барып, соңуна чыгуу алдында турган реконструкциялоо жумуштарын көрүп чыкты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлуктөн кабарлашты.
Маалым болгондой, стадион 1968-жылы курулуп, буга чейин бир да жолу толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. 2023–2025-жылдары жүргүзүлгөн реконструкциялоонун алкагында стадион толук жаңыланган.
Долбоордун жалпы наркы 216 миллион сомду түзөт. Реконструкциялоо иштери аяктагандан кийин стадион эл аралык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Облус башчысы Тилек Текебаев курулуш иштеринин сапатына өзгөчө маани берип, жумуштарды өз мөөнөтүндө аяктоо боюнча жергиликтүү бийлик жана курулуш компания жетекчилерине тапшырмаларды берди.
