Кыргызстан менен Өзбекстан спорт жаатындагы кызматташууну кеңейтет
18 октябрь

Кыргызстан менен Өзбекстан спорт жаатындагы кызматташууну кеңейтет

Өзбекстандын Ташкент шаарында 17-октябрда КР министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев Өзбекстандын спорт министри Адхам Икрамов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда тараптар спорт тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулап, бокс, күрөш, оор атлетика жана жаштар футболу (U-15, U-16) боюнча биргелешкен окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү жөнүндө макулдашты.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн машыктыруучулары жана спорттук уюмдарынын ортосунда тажрыйба алмашууну кеңейтүү боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишилди.