Кыргызстандын эркин күрөш боюнча жаш өспүрүмдөр (U17) курама командасы Дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи
27 август

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча жаш өспүрүмдөр (U17) курама командасы Дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи

Курсантбек Исаков 55 кг чейинки салмак чен бирдигинде япониялык, казакстандык жана америкалык балбандарды утуп финалга чыкты.

Чечүүчү финалдык беттеште кубалык Иосиф Иван Бахманнды 4:2 эсебинде жеңип, Дүйнө чемпиону аталды. Өмүрбек Асан уулу 60 кг чейинки салмакта Япония, Украина, АКШ жана Азербайжан өлкөлөрүнөн келген балбандарды жеңип алтын медалга ээ болду.

Рустамжан Кахаров 65 кг чейинки салмакта Иран, Австралия, Грузия, Казакстан жана Орусия өлкөлөрүнүн спортчуларын артта калтырып, Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү деп табылды.

Ал эми Марлен Абдраимов 51 кг чейинки салмакта беттешин 1\16 финалдык баскычтан баштады. Анда түркмөнстандык, орусиялык жана азербайжандык балбандарды утуп, жарым финалда америкалык спортчудан жеңилүү ызаасын тартып калган.

Үчүнчү орун үчүн беттеште өзбекстандык Озодбек Алийоновду 17:6 ири эсебинде жеңип, коло медалга татыды.

Эске салсак, эркин күрөш боюнча мелдештер 23-25-август күндөрү болуп өтүп, анда 10 медаль топтому ойнотулду. Ата мекендик курама команда 104 упай менен жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи.