Кыргызстандык тайбоксчулар Камбоджада өткөн Дүйнө чемпионатында 8 алтын медаль жеңди
9 декабрь

Кыргызстандык тайбоксчулар Камбоджада өткөн Дүйнө чемпионатында 8 алтын медаль жеңди

Кыргызстандын тайбокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Камбоджанын Сиемреап шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында 10 медаль жеңди. 

Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, анын ичинен 8и алтын медаль болсо, экөө күмүш. 

Алтын медалдын ээлери:

  • 70 кг Махабат Орозбекова;
  • 54 кг Диана Заинитдинова (14 жаш);
  • Нурсултан Карбозов (14 жаш);
  • Алия Саалыева (16 жаш);
  • Милана Шихшабекова Милана (17 жаш);
  • 60 кг Аделя Асылбек кызы (17 жаш);
  • 57 кгАльберт Бактыбеков;
  • 60 кг Элазан Замирбеков.

Күмүш медалын ээлери:

Аланур Абдыкаров (15 жаш);

Ихтияр Каныметов.

Курама команда башкы машыктыруучу Дильшат Даутов жана машыктыруучу Александр Кононенконун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.