
Кыргызстандык боксчулар Кытайда окуу-машыгуу жыйынына катышууда
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Кытайдын Үрүмчү шаарында өтүп жаткан эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышууда. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
Окуу-машыгуу жыйындары 19-3-март күндөрү өтөт.
Курама команданын тизмеси:
- 51 кг Анваржон Ходжиев;
- 54 кг Санжай Сейдакматов, Зафарбек Камилов;
- 57 кг Тургунбек Иманкадыров, Ислам Төрөбаев;
- 63.5 кг Оомат Белекбаев, Мунарбек Сейитбек уулу, Омар Ливаза;
- 71 кг Элдар Турдубаев, Алмаз Орозбеков,
- 80 кг Өмүрбек Бекжигит уулу;
- 92 кг Бакыт Токтосун уулу;
- +92 кг Мырзакир Кошалиев;
Акыйкат Абаев улук машыктыруучу:
Данияр Төлөгөн уулу башкы машыктыруучу.
Белгилей кетсек, окуу машыгуу жыйыны Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2024-жылга алынган календардык планына ылайык өткөрүлүүдө.