Малайзиялык калыстар тобу Кыргызстан – Катар беттешин тейлейт
23 март

Малайзиялык калыстар тобу Кыргызстан – Катар беттешин тейлейт

Бишкекте 25-мартта өтө турган Кыргызстан – Катар беттешин малайзиялык калыстар тобу тейлейт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлайт. 

ФИФА калысы Насаруддин Мухаммад Назми калыстар бригадасын жетектесе, ага эми каптал сызыктарда Халил Тан Мухамад Зайрул жана Зайнал Абидин Мухаммад Му Ази жардам беришет.

Ошондой эле, Туан Мохд Ханафиах резервдик арбитр болуп дайындалды.

VAR-системасында дагы кытайлык адистер Фу Минг жана Жин Жуян иштешет.

Белгилей кетсек, оюн 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.  

Бул 2025-жылдагы улуттук курама команданын өз үйүндөгү алгачкы беттеши. Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат.

Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучуну аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында жайгашкан.