Акжол жана Жоламан баштаган балбандар Варшавадагы эл аралык турнирге катышат
29 июль

Акжол жана Жоламан баштаган балбандар Варшавадагы эл аралык турнирге катышат

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Польшанын борбору Варшава шаарында өтө турган Pytlasinski эл аралык турниринде күч сынашат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

Турнир 30-июлдан 3-августка чеийн өтүп, ага өлкөнүн алдыңкы балбандары катышат.

Курамында Олимп оюндарынын (Токио жана Париж) эки жолку байге ээси Акжол Махмудов, Париж Олимп оюндарынын коло байге ээлери Жоламан Шаршенбеков жана Узур Жусупбеков, Дүйнө чемпионатынын коло медалын багындырган Амантур Исмаилов, Азия оюндарында коло медаль уткан Раззак Бейшекеев, жаштар арасында дүйнө чемпиону Асан Жанышов, ошондой эле Азия чемпионаттарынын байге ээлери Улан Муратбек уулу, Акыл Сулайманов жана Эрлан Манатбеков бар.

Эл аралык турнир бул ирет кызыктуу болот деп күтүлүүдө. Себеби, Париждеги Олимп оюндарынан кийин кыргызстандык балбандар алгачкы ирет килемге чыгат. Алардын арасында Узур Жусупбеков гана быйыл эл аралык таймашка катышып, Ulaanbaatar Open рейтингдик турниринде алтын медалга ээ болгон.

Ал эми Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков башка салмактык категорияларды күч сынашат.

Кыргызстандын курамасынын түзүмү:

  • 55 кг – Муратбек уулу Улан, Гүлжигит уулу Акыйкат;
  • 60 кг – Акыл Сулайманов;
  • 63 кг – Жоламан Шаршенбеков;
  • 67 кг – Раззак Бейшекеев;
  • 72 кг – Ырыскелди Хамзаев, Амантур Исмаилов;
  • 77 кг – Максатбек уулу Ырыскелди;
  • 82 кг – Акжол Махмудов;
  • 87 кг – Асан Жанышов;
  • 97 кг – Узур Жусупбеков;
  • 130 кг – Эрлан Манатбеков.
  • Кураманын машыктыруучулар курамы:
  • Башкы машыктыруучу – Жусуп уулу Уран.
  • Улук машыктыруучу – Азат Бейшебеков.
  • U-23 боюнча улук машыктыруучу – Атай Замирбеков.