Чолпон-Атада Борбор Азия өлкөлөрүнүн жаш шахматчыларынын чемпионаты жыйынтыкталды
28 июль

Чолпон-Атада Борбор Азия өлкөлөрүнүн жаш шахматчыларынын чемпионаты жыйынтыкталды

Бүгүн, 28-июлда Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) шахмат боюнча 8 жаштан 18 жашка чейинки улан-кыздар арасында Борбор Азия чемпионатынын жабылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Улан Кыдырбаев катышып, чемпионаттын ийгиликтүү жыйынтыкталышы менен катышуучуларды жана конокторду куттуктады.

Өз сөзүндө ал мындай турнирлердин өткөрүлүшү интеллектуалдык спортту жайылтууда жана Борбор Азия мамлекеттеринин жаштарынын ортосунда достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташууну чыңдоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

“Шахмат – стратегиялык ой жүгүртүүнү, тартипти жана чыдамкайлыкты тарбиялаган спорт. Кыргызстан ушундай деңгээлдеги эл аралык мелдештерге аянтча болуп жатканы менен сыймыктанат”, – деди Улан Кыдырбаев.

20-29-июль күндөрү аралыгында өткөн чемпионатка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандан келген 400дөн ашуун жаш шахматчы катышып, жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтүштү.

Мелдеш эл аралык шахмат федерациясынын (FIDE) жана Азия шахмат федерациясынын колдоосу менен өтүп, эл аралык спорттук наамдарды алуу мүмкүнчүлүгүн берген квалификациялык мелдеш макамын алды.

Чемпионаттын жогорку деңгээлде өтүшүнө салым кошкондугу үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго өзгөчө ыраазычылык билдирилди. Анын тапшырмасынын негизинде коюлган 1 миллион сомдон ашык байге фонду турнирдин эл аралык деңгээлде өтүшүнө шарт түздү.

Мындан сырткары Кыргыз шахмат союзуна, FIDEнин 3.4 Зонасынын президентине, машыктыруучуларга, калыстарга, ата-энелерге жана уюштуруучуларга ыраазычылык айтылды.