Адилет Муканбетов III Өспүрүмдөр Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси болду
Бахрейн Падышалыгынын Манама шаарында өтүп жаткан III Өспүрүмдөр Азия оюндарынын алкагында кыргызстандык спортчу Адилет Муканбетов эркин күрөш боюнча экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды.
Кыргызстандык балбан 45 кг салмак категориясында күч сынашты.
Күрөш боюнча мелдештер Манама шаарындагы Exhibition World Bahrain (EWB) конгресс-көргөзмө борборунда өтүп жатат.
