Суучул Владислав Шулико Ошко келди
Ош мэриясы
17 июнь

Суучул Владислав Шулико Ошко келди

Кыргызстандык белгилүү суучул Владислов Шулико Ош шаарына келди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Ал кечээ, 16-июнда Баткен облусундагы Төрт-Гүл суу сактагычын жарым саатта сүзүп өткөн.

Ош шаардык мэриясы суучулду тосуп алып, куттуктап, алдыдагы экспедицияларына ийгилик каалады. Владиславдын эскпедициясынын программасында Папан суу сактагычын сүзүп өтүү да пландалган.

Белгилей кетсек, Владислав Шулико 2021-жылы Ысык-Көлдү узунунан 181 чакырым сүзүп өтүп, рекорд жараткан.