23 март

Дмитрий Бивол Кыргызстанга келди

Кыргызстанга бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Дмитрий Бивол келди. Бул тууралуу спортчу өзү социалдык тармактагы баракчасында билдирди. 

Спортчуну "Манас" эл аралык аэропортунан күйөрмандары тосуп алды. 

Бивол Бишкекте күйөрмандары менен жолугушуу өткөрөт.

Эске сала кетсек, мында бир ай мурда Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында Дмитрий Бивол Артур Бетербиевди жеңип, өзүнүн салмактын категориясында дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болгон.