Кыргызстан көк бөрү боюнча Казакстанды ири эсеп менен жеңип, чемпион болду
6 сентябрь

Кыргызстан көк бөрү боюнча Казакстанды ири эсеп менен жеңип, чемпион болду

Кыргызстан курама командасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын көк бөрү боюнча финалында Казакстандын командасын ири эсеп менен жеңди.

Принципиалдуу атаандаштардын чечүүчү беттеши бүгүн, 6-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы «Көк бөрү» ат майданында өттү.

Кыргызстандык көк бөрүчүлөр оюнду толугу менен көзөмөлдөп, атаандашына бир да упай топтоого мүмкүнчүлүк берген жок.

Биринчи таймдан кийин эсеп 4:0 болсо, экинчи таймда кыргызстандыктар айырманы 8:0гө жеткирди. Оюндун акыркы бөлүгүндө Кыргызстан курамасы дагы төрт салым салды.

Жыйынтыгында беттеш 12:0 эсебинде Кыргызстан командасынын жеңиши менен аяктады.

Кыргызстандын курамасынан Нуржан Мелисбек уулу үч, Кыяз Ниязов эки, Байтегин Өмүрбеков эки, Мирбек Муташов экиден салым киргизди. Ошондой эле Айдаркан Анарбеков, Эрназар Кошунбаев жана Сейитбек Анарбек уулу бирден салым салышты.

Муну менен Кыргызстан курамасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тарыхында кок-бор боюнча алтын медалды алтынчы ирет катары менен жеңип алды.