Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясынын командасы футзал боюнча эл аралык турнирде экинчи орунду ээледи
6 сентябрь

Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясынын командасы футзал боюнча эл аралык турнирде экинчи орунду ээледи

Астана шаарында Түрк мамлекеттеринин кесиптик бирликтер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн кесиптик бирлик өкүлдөрүнүн арасында футзал боюнча эл аралык турнир болуп өттү.

Эки күнгө созулган мелдеште Кубок үчүн Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Түркиянын кесиптик бирликтеринин командалары күч сынашты.

Курч жана кызыктуу беттештердин жыйынтыгында Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын командасы ардактуу экинчи орунду ээлеп, эл аралык спорттук мелдеште өлкөбүздүн намысын татыктуу коргоду.

Федерациянын командасынын бул турнирге катышуусу спорттук жетишкендик гана болбостон, түрк мамлекеттеринин кесиптик бирлик уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган маанилүү кадамдардын бири болду.

Мындай эл аралык спорттук иш-чаралар кесиптик бирлик кыймылын өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ. Алар ар кайсы өлкөлөрдүн кесиптик бирлик өкүлдөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашууга, өз ара байланыштарды кеңейтүүгө жана өнөктөштүктү бекемдөөгө шарт түзөт. Спорт элдерди жакындатып, өз ара түшүнүшүүнү, достукту, сый-урматты жана тилектештикти чыңдайт.