Башкы байге чет өлкөгө жолдомо. Бишкекте олимпиадалык курамалар арасында эл аралык мелдеш өтөт
16 июль

Башкы байге чет өлкөгө жолдомо. Бишкекте олимпиадалык курамалар арасында эл аралык мелдеш өтөт

Бишкек шаарында 15-23-июль күндөрү футбол боюнча олипимадалык курама командалар арасында (U-23) эл аралык футбол мелдеши өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Бул турнирге Кыргызстандын олимпиадалык (U-23) курама командасы жана Оман, Бахрейн, Сирия мамлекеттеринин курама командалары катышат.

Беттештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада жана “Достук Арена” (Беш-Күңгөй айылы) футбол клубунун стадионунда өтөт.

Мелдеште беттештерден сырткары атайын байгелүү оюндар уюштурулат. Башкы байге чет өлкөгө жолдомо ойнотулат. Акысыз балмуздак таратылат. Аквагрим жана оюн-зоок зоналары, даамдуу тамактар менен фудкорт аянтчалары иштейт.

Беттештер концерттик программа менен коштолот.

Белгилей кетсек, мелдеш 1-9-сентябрь күндөрү Бишкекте өтө турчу Азия Кубогунун тандоо туруна даярдык көрүү максатында өткөрүлүүдө. Анда Кыргызстандын U-23 курама командасы, E тайпасына Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланка курамалары менен күч сынашат.

Мелдештин жүгүртмөсү:

• 17-июль – 20:00 Оман – Бахрейн (ФК “Достук Арена”);

20:00 Кыргызстан – Сирия (Д. Өмүрзаков атындагы башкы спорттук арена).

• 20-июль – 20:00 Сирия – Бахрейн (ФК “Достук Арена”);

20:00 Кыргызстан – Оман (Д. Өмүрзаков атындагы башкы спорттук арена).

• 23-июль – 20:00 Оман – Сирия (ФК “Достук Арена”);

20:00 Кыргызстан – Бахрейн (Д. Өмүрзаков атындагы башкы спорттук арена).