Жалал-Абадда дүйнө чемпиону болгон спортчуларды куттукташты
Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Бириккен Араб Эмираттары жана Казакстандын Алматы шаарларында өткөн дүйнө чемпионаттарында биринчи жана алдыңкы орундарды багындырган спортчулар менен жолугушуп, жараткан ийгиликтери менен куттуктады. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 21–30-ноябрь күндөрү Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөн дүйнө чемпионатында Манас шаарынын балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучусу Ходжакбар Камбаров 51 кг салмакта дүйнө чемпиону аталды.
Ошондой эле, ардагер спортчулар арасында өткөн дүйнө чемпионатында Тахир Марасулов 1-орунду багынтып, өлкө намысын коргоду.
Ноябрь айында Казакстандын Алматы шаарында тогуз коргоол боюнча өткөн дүйнө чемпионатында Үпөл Абдымомунова жаштар жана кыз-келиндер арасында дүйнө чемпиону болуп, биринчи орунду багынткан. Ушул эле мелдеште Акмарал Садыкова жана Нурболот Замиров коло медальга ээ болгон. Мындан тышкары Алматы шаарындгы тогуз коргоол боюнча өткөн Азия чемпионатында Акмарал Садыкова жана Бегимжан Замирова 3-орунду багынткан.
Бириккен Араб Эмиратынын Хужайра шаарында чоңдор арасында жана кыз-келиндер арасында белбоо күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында Абубакир Шамшиев чоңдор арасында, ал эми Мырзайым Шайбекова кыз-келиндер арасында 3-орунду камсыздашкан.
Облус башчысы Тилек Текебаев спортчулардын эл аралык ареналардагы жетишкендиктери, алардын талыкпаган эмгегинин жана спортко болгон кызыгуусунун жемиши экенин белгиледи.
Облус башчысы жаш муундарга дем берип, колдоо аракеттери улантыларын айтып, белектерин тапшырды.
