Бишкекте 2014–2015-жылы туулган балдар арасында шаардык спартакиада башталат
www
10 июль

Бишкекте 2014–2015-жылы туулган балдар арасында шаардык спартакиада башталат

Бишкекте жашаган 2014–2015-жылы туулган балдар арасында шаардык Жайкы спартакиаданын I этабы башталат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Бул этапка Бишкек шаарындагы 32 муниципалдык аймактык башкармалык катышууда: Свердлов районунан – 8 МАБ, Биринчи Май районунан – 8 МАБ, Октябрь районунан – 7 МАБ жана Ленин районунан – 9 МАБ.

Бул этапта МАБтар арасында ички тандоо өткөрүлүп, анын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр райондук этапка катышат. Ал эми райондордон мыкты командалар шаардык финалга жолдомо алышат.

Жайкы спартакиада үч этапта өткөрүлөт:
I этап (МАБтар арасында) – 2026-жылдын 10-июлунан 20-июлуна чейин;
II этап (райондук) – 20-июлдан 26-июлга чейин;
III этап (шаардык финал) – 27-июлдан 2-августка чейин.

Ар бир этаптын жыйынтыгы боюнча мыкты командалар кийинки баскычтагы мелдештерге катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Мелдештин программасына спорттун жети түрү киргизилген: кичих-футбол, чүкө, эстафета, аркан тартыш, пионербол, шашки жана дартс.

Катышууга 2014–2015-жылы туулган балдар чакырылат. Катышуу жана кошумча маалымат алуу үчүн Бишкек шаарынын райондорундагы спорт боюнча улук инструкторлорго кайрылса болот:
•Биринчи Май району: 996 705 031 171;
•Ленин району: 996 701 225 115;
•Октябрь району: 996 773 505 063;
•Свердлов району: 996 704 708 032.

Жайкы спартакиаданын уюштуруучусу – Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти.