Аламүдүн районунда маунтинбайк боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтүүдө
Аламүдүн районунун Ортосай айылында 24-майда маунтинбайк боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Мелдеш кросс-кантри жана даунхилл дисциплиналары боюнча өтүүдө.
Чемпионат эл аралык велоспорт федерациясы — USIнин алкагында уюштурулуп, ага жалпы 50гө жакын спортчу катышууда. Мелдештин жыйынтыгында спортчуларга эл аралык рейтинг үчүн упайлар ыйгарылат.
Аталган мелдешке СДЮШОР «Жеңиштен» жети спортчу — беш улан жана эки кыз катышууда. Ошондой эле Балыкчы шаарынан келген спортчулар жана Казакстан, Чехия, Голландия, Англия мамлекеттеринен келген чет элдик коноктор күч сынашууда.
Белгилей кетсек, мындай эл аралык деңгээлдеги мелдештер өлкөдө велоспорттун өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, спортчулар арасында тажрыйба алмашууга жана достук мамилелерди чыңдоого шарт түзөт.
