III КМШ оюндары: Кыргызстандык балбандар байгелүү орундары ээледи
4-октябрда Азербайжандын Гянджа шаарында III КМШ оюндарынын алкагында эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Беттештер аталган шаардын Олимпиадалык спорт комплексинде өттү.
Кыргызстандын атынан жалпы алты балбан таймашка чыкты.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча:
- 5 кг чейинки салмак категориясында Аяна Асамаликова финалда жеңишке жетип, алтын медаль утуп алды. Ал ушул турнирдеги Кыргызстандын алгачкы чемпиону болду.
- 57 кг салмак категориясында Сезим Жолдошбекова экинчи орунду ээлеп, күмүш байгеге ээ болду.
Эркин күрөш боюнча:
- 55 кг салмак категориясында Ринат Солтоев күмүш медаль тагынды.
- 48 кг салмак категориясында Адиль Карыпбеков коло байгени жеңип алды.
