Бишкекте дарбазачылардын машыктыруучулары үчүн окутуу өтүүдө
Бишкекте дарбазачылар машыктыруучуларын даярдоого багытталган GK Level B курсунун 1-модулу башталды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Курска 9 катышуучу катышууда. Окуу программасы 4 негизги модулдан турат жана теориялык жана практикалык сабактарды камтыйт.
24–26-август күндөрү өтүп жаткан 1-модулдун алкагында катышуучулар дарбазачынын профили, жаш дарбазачыларды окутуу, даярдыкты пландаштыруу, оюн кырдаалдарын талдоо, айып аянтчасынан соккуларды кайтаруу, эрте берилген топтор менен иштөө жана оюнга негизделген машыгуу процессинин методикасы боюнча билим алышат.
Курстун негизги максаты дарбазачыларды даярдоочу машыктыруучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу. Курстун инструктору Закир Жалилов, ассистенттери Кирилл Прядкин, Владислав Геращенко жана Руслан Жаныбеков.
Окутуу Бишкек шаарындагы Улуттук футбол академиясында өткөрүлүүдө.
