"Алай —Мурас Юнайтед" беттешүүсү: "Алай" курамасы жеңишке жетти
19 май

"Алай —Мурас Юнайтед" беттешүүсү: "Алай" курамасы жеңишке жетти

Ош шаарынын "Алай" футболдук клубу төрт турдан кийин кайрадан Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатынын турнирдик таблицасында биринчи орунга чыкты.

18-майда Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо өткөн 10-турдун борбордук беттешинде "Алай" "Мурас Юнайтедди" 2:1 эсебинде жеңди.

Оюнду көргөнү келген Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев спортчуларга дем-күч берип, ийгиликтерди каалады.

Биринчи голду 25-мүнөттө Акрам Умаров, ал эми чечүүчү голду 84-мүнөттө Кайрат Изаков киргизди.

Бул жеңиш менен "Алай" 3 упай топтоп, турнирдик таблицанын лидерлигин кайтарып алды.