U-20 Азия Кубогу: Кыргызстан - Кытай беттеши 5:2 эсебинде жыйынтыкталды 
15 февраль

U-20 Азия Кубогу: Кыргызстан - Кытай беттеши 5:2 эсебинде жыйынтыкталды 

Кыргызстандын футбол боюнча U-20 жаштар курамасы Азия Кубогунун тайпалык баскычынын алкагында бүгүн, 15-февралда Кытай курамасы менен беттеш өткөрүп, оюн 5:2 эсебинде жыйынтыкталды.

Алгачкы голду 25-мүнөттө Умар Мадаминов киргизди, ал эми 2-бөлүктө Ырыскелди Маданов алып келди.

Азия Кубогу ушул күндөрү Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтүүдө. Буга чейин курама команда Австралия курамасы менен ойноп, 5:1 эсебинде жеңилген. Ал эми топтук баскычты 18-февралда Катардын жаштар курамасы менен болгон оюн менен жыйынтыктайт.

Белгилей кетсек, Азия биринчилигинин финалдык баскычында жалпысынан 16 команда төрт тайпага бөлүнгөн. Кыргызстандын жаштар курамасы «А» тайпасында Кытай, Австралия жана Катар курамалары менен плей-офф баскычына чыгуу үчүн күрөшүүдө. Регламентке ылайык, ар бир топтун мыкты эки команда плей-офф баскычына өтөт, анда чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар ойнотулат.

Азия Кубогунун жарым финалына чыккан командалар U-20 жаштар арасындагы дүйнөлүк футбол чемпиондугуна жолдомо алышат. Бул чемпиондук 2025-жылдын сентябрь айында Чилиде өтөт.