Кыргызстандык жеңил атлетчилер Тажикстанда өткөн эл аралык жарым марафондо ийгиликке жетти
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
20 апрель

Кыргызстандык жеңил атлетчилер Тажикстанда өткөн эл аралык жарым марафондо ийгиликке жетти

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында 18-апрелде XVI эл аралык жарым марафону болуп өттү.

КР Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдешке 20дан ашык өлкөдөн келген 100дөн ашуун атлет катышты.

Аталган марафон World Athletics уюмунун календарына кирет жана жыл сайын Дүйшөмбү шаарында өтөт. Аралыгы 21 км 97,5 м түзөт.

Эркектер арасында Кыргызстандык спортсмен Нурсултан Кенешбеков 1 саат 4 мүнөт 40 секунд жыйынтык менен 1-орунду ээледи.

Ал эми Мария Коробицкая кыз-келиндер арасында 1 саат 17 мүнөт 36 секундда марага келип 3-орунду багындырды.