Асан Жанышов грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону аталды
Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты уланууда. Бул мелдеште Кыргызстандын курама командасынын өкүлү Асан Жанышов ишенимдүү жеңишке жетип, алтын медаль тагынды.
Кыргызстандык спортчу 87 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, мелдештин жүрүшүндө жогорку даярдыгын көрсөттү. Алгачкы беттешинде Түркмөнстандын өкүлү Довлетмурат Байрамов менен күрөшүп, 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда “туше” ыкмасы менен жеңишке жетти.
Жарым финалда кыргызстандык балбан Казакстандын спортчусу Нурсултан Турсынов менен беттешип, 8:0 эсебинде жеңди.
Ал эми алтын медаль үчүн финалдык кармашта Ирандын өкүлү Холамреза Фарохисенджани менен күч сынашып, 11:4 эсебинде утту.
Жыйынтыгында, Асан Жанышов Азия чемпионатынын алтын медалын жеңип алып, Азия чемпиону деген наамга ээ болду.
