Бишкекте эки миңден ашык адам катышкан жазгы веложүрүш өттү
Бишкек мэриясы
1 май

Бишкекте эки миңден ашык адам катышкан жазгы веложүрүш өттү

Бишкек шаарында бүгүн, 1-майда борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Веложүрүш Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында башталып, катышуучулар «Газпром — балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында марага жетишти. Маршруттун жалпы узундугу 5,5 км түздү.

Иш-чарага кесипкөй жана ышкыбоз велосипедчилер, ошондой эле үй-бүлөлөрү менен келген шаар тургундары да катышты. Жалпысынан 2000ден ашуун велосипедчи катышты. Марада коноктор үчүн көңүл ачуучу программа уюштурулду.

Веложүрүшкө Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышып, ал катышуучулар менен бирге баштан аягына чейин бардык аралыкты басып өттү. Мэрдин орун басары Виктория Мозгачева жана шаардык кызматтардын жетекчилери да катышты.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө шаар башчысы мэрия спортту өнүктүрүүнү туруктуу колдоп, велосипедчилер үчүн шарттарды түзүп жатканын, шаардагы веломаданиятты калыптандыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле майыптыгы бар  катышуучуга кайраттуулугу үчүн акчалай сыйлык тапшырылды.

Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ), тез жардам унаалары жана ыктыярчылар тартылды. Велоколонна жол эрежелерин сактоо менен  коопсуз түрдө жылып, көрсөтүлгөн жерге жетип келишти.

Спорттук иш-чараны  Бишкек шаарынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти жана Бишкек шаарынын велоспорт федерациясы уюштуруп, велосезондун ачылышын салтанаттуу өткөрүштү.