Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы бүгүн Азия кубогунун алкагында Кытай курамасы менен беттешет
Бүгүн, 15-февралда Кыргызстандын U-20 жаштар футбол курамасы, Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтүп жаткан Азия Кубогунун тайпалык баскычында Кытай курамасы менен ойнойт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 17:30да өтөт.
Белгилей кетсек, Азия биринчилигинин финалдык баскычында жалпысынан 16 команда төрт тайпага бөлүнгөн. Кыргызстандын жаштар курамасы «А» тайпасында Кытай, Австралия жана Катар курамалары менен плей-офф баскычына чыгуу үчүн күрөшүүдө.
Регламентке ылайык, ар бир топтун мыкты эки команда плей-офф баскычына өтөт, анда чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар ойнотулат. Азия Кубогунун жарым финалына чыккан командалар U-20 жаштар арасындагы дүйнөлүк футбол чемпиондугуна жолдомо алышат.
Бул чемпионат 2025-жылдын сентябрь айында Чилиде өтөт.
