Грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында КР биринчилиги жыйынтыкталды
Бишкекте 12-апрелде грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында (U-17) Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдеш Р.Санатбаев атындагы спорт комплексинде өтүп, ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты.
Жеңүүчүлөргө «Тайманбас» Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.
