Көк бөрү боюнча Орусия курамасы үчүнчү орунду ээледи
5 сентябрь

Көк бөрү боюнча Орусия курамасы үчүнчү орунду ээледи

Бүгүн, 5-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча коло медаль үчүн мелдеш өттү.

Бул оюнда Орусия жана Тажикстан өлкөлөрүнүн курамалары күч сынашып, жыйынтык  3:0 эсебинде Орусия өлкөсүнүн жеңиши менен аяктады.