Таш-Көмүр шаарындагы “Шахтер” стадиону салтанаттуу ачылды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 27-июнда Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Таш-Көмүр шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылуу аземине катышты.
Андан соң Адылбек Касымалиев Таш-Көмүр шаарындагы «Шахтёр» стадионун салтанаттуу түрдө ачты.
1963-жылы курулган стадион капиталдык реконструкциядан өтүп, 3975 көрүүчүгө ылайыкталган заманбап аренага айланды. Реконструкциянын алкагында трибуналар, жарыктандыруу, жасалма газон жана спортчулар үчүн бардык зарыл инфраструктура жаңыланды.
«Бул стадион миңдеген жаштар үчүн мүмкүнчүлүк. Бул келечектеги футболчулар үчүн чоң аянтча. Стадион сиздерге көптөгөн кубанычтуу күндөрдү тартууласын», — деди Адылбек Касымалиев.
Ал ошондой эле акыркы 5 жылда спорттук каржылоо көбөйгөнүн, инфратүзүм жаңыланып жатканын белгиледи. Анын айтымында, быйыл 31-августка карата 51 миң орундуу «Бишкек Арена» стадиону ачылат.
«Биздин милдет футболду борбордо гана эмес, өлкөнүн ар бир районунда жана ар бир шаарында өнүктүрүү. Анткени чоң жеңиштер дал ушундай талаалардан башталат», — деп кошумчалады Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Иш-чаранын соңунда МинКаб Төрагасы Кыргыз Республикасынын Биринчи лигасынын Кубогу алкагындагы “Шахтёр” жана “Базар-Коргон” командаларынын ортосундагы оюнуна күбө болду.
