Эр-Рияд шаарында VI Ислам шериктештиги оюндарынын ачылышы болду
8 ноябрь

Эр-Рияд шаарында VI Ислам шериктештиги оюндарынын ачылышы болду

7-ноябрда Сауд Арабия Падышалыгынын борбору Эр-Рияд шаарында VI Ислам шериктештиги оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чара катышуучу өлкөлөрдүн делегацияларынын салтанаттуу параддык жүрүшү менен коштолду.

Аталган оюндарга Кыргызстандын атынан 89 спортчу, 35 машыктыруучу жана команда мүчөлөрү катышууда. Кыргызстандык спортчулар жалпы 19 спорт түрү боюнча таймаштарда күч сынашууда.

Оюндар 21-ноябрга чейин уланат.