Ошто жеңил атлетика боюнча жазгы жарыш өтөт
2 апрель

Ошто жеңил атлетика боюнча жазгы жарыш өтөт

Ош шаарынын борбордук аянтында 5-апрелде жыл сайын өткөрүлүүчү жеңил атлетика боюнча жазгы жарыш өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Спорттук иш-чара саат 09:00дө башталып, ага бардык каалоочулар катыша алат.

Аялдар жана эркектер өздөрүнүн жаш курактык категорияларына жараша таймашат. Окуучулар, студенттер жана кесипкөй спортчулар үчүн дагы массалык жарыштар уюштурулат.

Жеңүүчүлөр Ош шаардык Дене тарбия жана спорт комитети тарабынан медалдар, диплом жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.

Белгилей кетсек, жазгы жарыш Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт комитети тарабынан дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулууда.