Тарыхта биринчи жолу Орусия жана Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командаларынын биргелешкен окуу-машыгуу жыйындары өтүүдө
-
Тарыхта биринчи жолу Орусия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама командаларынын биргелешкен окуу-машыгуу жыйындары өтүүдө. Эки өлкөнүн командалары үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында боло турган дүйнө чемпионатына биргелешип даярданышууда.
-
Уюштуруучулар белгилегендей, бул тарыхый окуянын ишке ашуусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК Төрагасы К.К.Ташиевдин жеке колдоосу, демилгеси жана аракетинин натыйжасында мүмкүн болду. К.К.Ташиев Кыргызстанда спортту өнүктүрүүгө, жаш чемпиондордун өсүп-өнүгүшүнө шарт түзүүгө ырааттуу колдоо көрсөтүп келет. Эки өлкөнүн курама командаларынын биргелешкен машыгуулары тарыхый өзгөчө мааниге ээ экендиги талашсыз. Анткени, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу биздин спортчулар дүйнөнүн эң мыкты командаларынын бири менен биргелешкен машыгуудан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
-
Окуу-машыгуу жыйындары Орусияда өтүүдө, ага орус спортчулары менен бирге легендарлуу Олимпиада чемпиону, дүйнөнүн беш жолку чемпиону, Орусиянын эмгек сиңирген спорт чебери Хаджимурат Гацалов катышууда. 2023-жылдан тартып, ал эркин күрөш боюнча Орусия курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп эмгектенүүдө. Хаджимурат Гацалов К.К.Ташиевге өлкөлөр ортосундагы спорттук кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана күрөшкө колдоо көрсөткөндүгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди. Бул Кыргызстандын жалпы спорт коомчулугуна кымбат болгон сый-урматтын белгиси.
-
Хаджимурат Гацалов өз кайрылуусунда мындай деп белгиледи: «Камчыбек Кыдыршаевичке спортко, күрөшкө кошкон зор салымы үчүн, дал ушул жогорку деңгээлде күрөш спорту менен машыгууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн, спортту өнүктүрүүдөгү зор салымын баалап чоң ыраазычылык билдирем. Бул жерге чогулган жигиттер – өлкөнүн келечеги, келечектеги чемпиондор. Ушундай кесипкөй кам көрүүнүн натыйжасында татыктуу ийгиликтер жаралаарына бекем ишенем, рахмат!».
-
Тарыхы бай болгон Орусиянын эркин күрөш боюнча курама командасы дүйнөдөгү алдыңкы командалардын бири катары белгилүү.
