2025-жылы Кыргызстанда спорт тармагы 2,5 миллиард сомго каржыланды
24 декабрь

2025-жылы Кыргызстанда спорт тармагы 2,5 миллиард сомго каржыланды

Кыргызстанда 2025-жылы спорт тармагын каржылоо көбөйтүлдү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын көлөмү 2,5 миллиард сомду түздү. Салыштыруу иретинде айтсак, 2024-жылы спорт тармагына 2,2 миллиард сом бөлүнгөн. 2020-жылы болсо 800 миллион сом”, – деди Касымалиев.

Айтымында, үстүбүздөгү жылы машыктыруучулардын айлык акысы 30 пайызга көтөрүлгөн, бул дене тарбия жана спорт тармагындагы кадрларды колдоодо маанилүү кадам болуп калды.

Ошондой эле спорттук инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча да иштер активдүү жүрдү.  Белгиленгендей, “Жаштык” спорттук аренасынын курулушуна 1,3 миллиард сом жумшалды.

51 миң көрүүчүгө ылайыкталган “Бишкек-Арена” футбол стадионунун курулушу уланды.

Манас шаарында 5200 орундуу спорт сарайына 1 миллиард доллар кетет.