Кыргызстандын 2025-жылкы кубогу күрөш старт алат
Кыргыз Республикасынын 2025-жылкы Кубогу үчүн Премьер-Лиганын 14 клубу – «Дордой» (Бишкек ш.), «Илбирс» (Бишкек ш.), «Алга» (Бишкек ш.), «Талант» (Беш-Күңгөй а.), «Абдыш-Ата» (Кант ш.), «Кыргызалтын» (Кара-Балта ш.), «Барс» (Каракол ш.), «Бишкек Сити» (Бишкек ш.), «Азиягол» (Бишкек ш.), «Нефтчи» (Кочкор-Ата ш.), «Өзгөн» (Өзгөн ш.), «Мурас Юнайтед» (Жалал-Абад ш.), «Алай» (Ош ш.), «ОшМУ» (Ош ш.) жана Улуттук лигада ойногон - «Джо» (Бишкек ш.), «Легенда» (Көк-Жаңгак ш.), «Семетей» (Кызыл-Кыя ш.) жана «Топ Тим» (Бишкек ш.) клубдары күрөшөт.
Кыргыз Республикасынын кубогу бул жылы катышкан командалардын саны боюнча 18 ге жетти. Кубок 1/16 баскычтан тарта финалга чейин ойнотулуп, чүчүкулак жыйынтыгына жараша командалар 1/16, 1/8 жана чейрек финалдардан өз жолун башташат.
Бүгүн, 6-май күнү Кубоктун 1/16 бөлүгүнүн алкагында «Топ Тим» - «Дордой» жана «Илбирс» - «Алга» беттештери орун алат. Ал эми, эртең, 7-май ушул эле баскычтын «Джо» - «Талант» беттеши орун алат.
